Колледж медициналык уюмдар, мамлекеттик мекемелер, иш берүүчүлөр жана коомдук уюмдар менен адистерди даярдоонун сапатын жогорулатуу максатында активдүү кызматташат.

Кызматташуунун негизги багыттары
  • окуу практикаларын уюштуруу;
  • өндүрүштүк практиканы уюштуруу;
  • диплом алдындагы практиканы уюштуруу;
  • мастер-класстарды өткөрүү;
  • медициналык уюмдардын адистерин окуу процессине тартуу;
  • тегерек столдорду уюштуруу;
  • биргелешкен иш-чараларды өткөрүү;
  • бүтүрүүчүлөрдү ишке орноштурууга көмөк көрсөтүү.
  • медициналык изилдөөлөрдөн өтүү
  • медициналык кароодон өткөрүү

Биздин социалдык өнөктөштөр

🏥 Саламаттык сактоо уюмдары
  • Нарын облустук бириктирилген ооруканасы;
  • Нарын облустук үй-бүлөлүк медицина борбору;
  • Нарын облустук Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борбору;
  • Нарын облустук Психиатрия жана наркология борбору;
  • Нарын облустук Кургак учукка каршы күрөшүү борбору;
  • Нарын облустук Кан борбору;
  • Нарын облустук СПИДдин алдын алуу жана ага каршы күрөшүү борбору;
  • Тез медициналык жардам станциясы;
  • Райондук аймактык ооруканалар;
  • Жалпы дарыгерлик практика борборлору;
  • Ага Хан медициналык-диагностикалык борбору (Нарын шаары).

Колледж Ага Хан медициналык-диагностикалык борбору менен кызматташуунун алкагында студенттердин лабораториялык изилдөөлөрүн жана флюорографиялык текшерүүлөрүн уюштурат. Ошондой эле заманбап диагностикалык жабдуулар менен иштөө тажрыйбасын өздөштүрүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт.

💊 Фармацевтикалык уюмдар
  • Нарын облустук мамлекеттик дарыканасы.

 
🎭 Маданият мекемелери
  • Муратбек Рыскулов атындагы Нарын облустук академиялык музыкалык-драма театры.

Колледж аталган театр менен чыгармачылык жана тарбиялык багытта тыгыз кызматташат. Колледждин театр-студиясынын мүчөлөрү театрдын чыгармачыл жамааты менен биргеликте жаштар арасында сергек жашоо образын, жарандык жоопкерчиликти жана адеп-ахлактык баалуулуктарды жайылтууга багытталган социалдык спектаклдерди сахналаштырып келишет.

Ошондой эле студенттер үчүн атайын жылдык театр абонементи уюштурулуп, бир жолу алынган билеттин негизинде театрдын бир жыл ичинде коюлган бардык спектаклдерине катышуу мүмкүнчүлүгү түзүлгөн. Бул кызматташтык студенттердин маданий деңгээлин жогорулатууга жана чыгармачылык жөндөмдөрүн өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт.


🛡 Мамлекеттик органдар
  • Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Нарын облустук ички иштер башкармалыгы.

Кызматташуунун алкагында колледж студенттери, айрыкча театр-студиянын мүчөлөрү, коомдук коопсуздукту жана укуктук аң-сезимди жогорулатууга багытталган биргелешкен долбоорлорго активдүү катышышат.

Биргелешип төмөнкү багыттар боюнча социалдык роликтер жана театрлаштырылган көрсөтүүлөр даярдалат:

  • коррупциянын алдын алуу;
  • рэкетчиликке каршы күрөшүү;
  • баңгизаттарды колдонуунун алдын алуу;
  • жаштар арасындагы укук бузуулардын алдын алуу;
  • сергек жашоо образын жана мыйзамдуулукту жайылтуу.

Мындай кызматташтык студенттердин кесиптик гана эмес, жарандык жоопкерчилигин, патриоттук аң-сезимин жана социалдык активдүүлүгүн калыптандырууга өбөлгө түзөт.

Клиникалык базалар
Клиникалык базаАдистиктерПрактиканын түрү
1Нарын облустук бириктирилген ооруканасыДарылоо иши, Медайымдык иш, Акушердик иш, Лабораториялык диагностикаОкуу, өндүрүштүк жана диплом алдындагы практика
2Нарын облустук Үй-бүлөлүк медицина борборуДарылоо иши, Медайымдык ишОкуу жана өндүрүштүк практика
3Нарын облустук Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборуЛабораториялык диагностикаӨндүрүштүк жана диплом алдындагы практика
4Нарын облустук Кан борборуЛабораториялык диагностикаӨндүрүштүк практика
5Нарын облустук Кургак учукка каршы күрөшүү борборуДарылоо ишиӨндүрүштүк практика
6Нарын облустук Психиатрия жана наркология борборуДарылоо ишиӨндүрүштүк практика
7Тез медициналык жардам станциясыДарылоо ишиӨндүрүштүк практика
8Аймактык жалпы дарыгерлик практика борборлоруМедайымдык иш, Дарылоо ишиОкуу жана өндүрүштүк практика
9Аймактык ооруканаларБардык адистиктерӨндүрүштүк жана диплом алдындагы практика
10Нарын облустук мамлекеттик дарыканасыФармацияОкуу, өндүрүштүк жана диплом алдындагы практика
11Башка өнөктөш медициналык уюмдарТийиштүү адистиктер боюнчаПрактикалык даярдоо
 
  • All
  • Социалдык өнөктөштөр
Медициналык кароо

Нарын медициналык колледжинде медициналык кароо өттү Бүгүн Нарын медициналык колледжинде студенттер үчүн пландуу медициналык кароо жүргүзүлдү. Иш-чаранын негизги максаты —...

Кургак учукка каршы күнү

Нарын медициналык колледжинин студенттери кургак учукка каршы күрөшүү күнүнө арналган иш-чараларга катышты 24-мартта белгиленген Бүткүл дүйнөлүк кургак учукка каршы күрөшүү...

kirKY