СПИД деген эмне?

АИВ(ВИЧ)- адамдын иммундук жетишсиздик вирусу

АИВ-инфекциясы бул – адамдын иммундук жетишсиздик вирусунан пайда болуучу ɵнɵкɵт оору. АИВ-илдети иммундук системаны жабыркатып, бир нече убакыт ɵткɵндɵн кийин адам тʏрдʏʏ оорулардын козгогучтарына жана шишик ооруларына алсыз болуп калат. АИВ-инфекциясынын 4 клиникалык баскычы бар, акыркы 4-чʏ баскычы жетишсиз иммундук кабылданган синдрому СПИД деп саналат, анда оор жугуштуу же онкологиялык дарттар пайда болот. Бул дарттын айкын белгилери жок. Адам ɵзʏнʏн оорулуу экендигин билбей, бул инфекция менен жылдап жашай бериши мʏмкʏн.

Илдет 3 гана  жол менен жугушу мʏмкʏн:

Кан аркылуу-башкалар колдонгон щприц ийне, сакал-мурут алгычтарды пайдаланганда, адамдын ички чɵйрɵсʏнɵ медициналык, парамедициналык, ритуалдык жана косметикалык кийлигишʏʏдɵ, АИВ менен булганган(текшерилбеген) кан куюлганда жугат.

Жыныстык жол аркылуу –АИВ-илдетине чалдыккан адам менен сактанбаган жыныстык катнашта болгон учурда.

АИВ-илдетине чалдыккан энеден балага- кош бойлуулук, тɵрɵт жана эмчек эмизген учурда жугат.

АИВ-илдетинен сактануу жолу:

1.Вирусту жуктуруп алууда шек санаган кезде, АИВ-илдетине кан тапшырып,текшерилʏʏ зарыл.

2.Кош бойлуулук кезде АИВ-илдетине кан тапшыруу зарыл.

3.Жыныстык ɵнɵктɵшкɵ ишенимдʏʏ болуу керек.

4.Туура жана дайыма презервативди колдонуу.

5.Шприц ийнелерди бир гана жолу колдонуу керек.

6.Банги заттарды жана спирт ичимдиктерди колдонуудан алыс болуу зарыл

АИВ-ВИЧ-инфекцияны жуктуруп алуу коркунучу пайда болгон учурда(кокусунан болгон жыныстык байланыш, АИВ-ВИЧ-инфекцияны алып жʏрʏшʏ ыктымал болгон адам менен иньекциялык байланыш, сексуалдык зомбулук), контакттан кийинки АИВ-ВИЧ-инфекцияны жугузуп алуу тобокелчилигин алдын алуу ʏчʏн 72 саат ичинде медициналык кызматкерге кайрылып(антиретровирустук дарыларды) жардам алуу зарыл. Антиретровирустук дарылоо-АИВ-репликациясын(кɵбɵйʏʏсʏн) басууга багытталган, бул ɵз кезегинде АИВке чалдыккан  адамдардын жашоо сапатынын жакшыруусуна, ошондой эле оору жана ɵлʏм  санынын кыскарышына алып келет. АИВке чалдыккан  адамдар оорунун 1-чи жана 2-чи баскычында эртелеп аныкталып, антиретровирустук дарылырды ɵз убагында ичкен учурда оорунун ɵɵрчʏп кетʏʏсʏн басаңдатууга мʏмкʏнчʏлʏк бар. Бул дарыларды ɵз убагында ʏзгʏлтʏксʏз ичкен болсо АИВ-ВИЧ менен жашаган аял  дени сак бала тɵрɵй алат. Бала тɵрɵлгɵндɵн кийин алгачкы 6 айда антиретровирустук дарыларды ʏзгʏлтʏксʏз ичкен учурда АИВ-ВИЧ менен жашаган энелер ɵз балдарын жалаң гана эненин сʏтʏ менен эч кооптонбостон бакса болот.  

Leave a Reply