Menu Close

ТАЖРЫЙБА АЛМАШУУ

ТАЖРЫЙБА АЛМАШУУ

2022-жылдын 11- март күнү, Нарын медициналык колледжинин окутуучулары жана студенттери академиялык мобилдуулук боюнча тажрыйба алмашууну өнүктүрүү максатында  И.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясы менен таанышып келишти. Аталган окуу жайда студенттердин билим алуусуна, окуп үйрөнүүсүнө морфокорпусунда музей уюшулган. О.э И. Ахунбаевдин, С.Б.Данияровдун өмүр баяны, сыйлыктары, кабинеттери, илимий-педагогдук жана дарыгерлик ишмердиги боюнча музейлер уюштурулган. Аталган колледждин окутуучуларын жана студенттерин жылуу кабыл алган И.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын алдындагы медициналык колледжинин директору Назгуль Мухтарбековнага ыраазычылык билдиребиз!