Жаңы туубуз жаңылануунун туу чокусунда желбирей берсин!
Кыргызстандын башкы туусу Жогорку Кеңеш тарабынан кайра каралып, өзгөртүлгөнү баарыбызга маалым. Урмат сыйдын жана мекенчилдиктин белгиси катары тууну жаңыртып, колледжибиздин кире беришине салтанаттуу түрдө илип алдык.
Бул биримдиктин жана улуттук сыймыктын маанилүү символу азыр биздин окуу жайдын бардык студенттерин, мугалимдерин жана конокторунун жүрөктөрүн сыймыкка бөлөйт. Жаңырган туу бизди жаңы ийгиликтерге шыктандырып, жүрөгүбүздө патриоттук духту бекемдей берсин!