“Эмне үчүн ооруйбуз”деген китеби боюнча колледждин студенттери менен сынак жүргүзүү туураалуу аңгемелешүү
25-мартта Нарын медициналык колледжинде китеп окуу долбоорунун алкагында “Калем лидерлер Академиясынын”негиздөөчүсү,коомдук ишмер Ибраев Мамбетасандын “Эмне үчүн ооруйбуз”деген китеби боюнча колледждин студенттери менен сынак жүргүзүү туураалуу аңгемелешүү болуп,анда катышуучулар тарабынан суроолор берилип,китеп окууга шыктандырган жооптор алынды.Сынак 30- апрелде Нарын медициналык колледжинде болоору белгилүү болду.
21-февраль” Эл аралык эне тил күнүнө” жана 23-февраль “Ата мекенди коргоо күнүнө” карата окуу жайдын чыгармачыл жаштарынын күчү менен даярдалган поэзиялык кече болуп өттү.
• Бүгүн Нарын медициналык колледжинде 21-февраль” Эл аралык эне тил күнүнө” жана 23-февраль “Ата мекенди коргоо күнүнө” карата окуу жайдын чыгармачыл жаштарынын күчү менен даярдалган поэзиялык кече болуп өттү. Кечеде ыр дүйнөсүнө аралашып келе жаткан чыгармачыл студенттер эне тилге,мырзалардын майрамына арналган өзүлөрүнүн ырларын көркөм окушуп, обондуу ырлар, тал чыбыктай ийилип бийлеген бийчилердин бийлери менен коштолуп,видео роликтер көрсөтүлүп, иш -чара мыкты аяктады.
ТАЖРЫЙБА АЛМАШУУ
ТАЖРЫЙБА АЛМАШУУ
2022-жылдын 11- март күнү, Нарын медициналык колледжинин окутуучулары жана студенттери академиялык мобилдуулук боюнча тажрыйба алмашууну өнүктүрүү максатында И.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясы менен таанышып келишти. Аталган окуу жайда студенттердин билим алуусуна, окуп үйрөнүүсүнө морфокорпусунда музей уюшулган. О.э И. Ахунбаевдин, С.Б.Данияровдун өмүр баяны, сыйлыктары, кабинеттери, илимий-педагогдук жана дарыгерлик ишмердиги боюнча музейлер уюштурулган. Аталган колледждин окутуучуларын жана студенттерин жылуу кабыл алган И.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын алдындагы медициналык колледжинин директору Назгуль Мухтарбековнага ыраазычылык билдиребиз!
ЗОРДУК-ЗОМБУЛУК БОЮНЧА СЕМИНАР ӨТТҮ.
НАРЫН МЕДИЦИНАЛЫК КОЛЛЕДЖИНДЕ ЗОРДУК-ЗОМБУЛУК БОЮНЧА СЕМИНАР ӨТТҮ.
Зордук-зомбулук көйгөйлөрү бүгүнкү күндө балдарга карата гана эмес, жалпы эле коомго терс таасирин тийгизе баштады. Зордук-зомбулук балдардын өмүрүнө жана физикалык ден- соолугуна гана залал келтирбестен, балдардын эмоционалдык жыргалчылыгына жана келечегине да чоң коркунуч туудурууда. Бул көйгөйдү алдын алуу үчүн бүгүн 16-февралда, Нарын медициналык колледжинде Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун каржылык колдоосунда «Бакубат» бей өкмөт уюмунун жетекчиси Т.Орунбаева тарабынан колледждин 3-курстун студенттерине 2 күндүк семинар өткөрүлөт.
Семинардын максаты иш учурунда же окуудагы сексуалдык ыдык көрсөтүүнүн алдын алууга, жаштарды зордук зомбулуксуз үй-бүлө курууга, никеге турууга даярдоо, зордук зомбулуктан стресс абалда калгандарга кеп кеңештерди берүү.
Ал үчүн атайын уролог, гинеколог, психолог, юрист жана менторлор тартылган, – дейт аталган уюмдун жетекчиси Т. Орунбаева.
Семинарда кыз ала качуу, зордук-зомбулукту алдын алуу жана гендердик саясаттын өсүүсү бонча кеңири маалымат берилди жана видео роликтер көрсөтүлдү.
Ошондой эле студенттер топторго бөлүнүп, көйгөйлүү маселелер талкууга алынып, ачык айкын сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү.
Жыйынтыгында семинарга катышкан ар бир студентке блокноттор таратылды.
Мындан тышкары колледжибизде зордук-зомбулукту алдын алуу боюнча профилактикалык түшүндүрүү иштери улантылууда.
“Долон” лигасынын волейбол оюну боюнча кыз-келиндер арасында турнири старт алды(2-айлампасы).
12.02.2022-жыл, Бишкек шаарында “Долон” лигасынын волейбол оюну боюнча кыз-келиндер арасында турнири старт алды(2-айлампасы). Мелдеш кезек боюнча “Ой-Терскен” командасы тарабынан мыкты денгээлде уюштурулду.
Мелдештин расмий ачылыш аземи орун алып, Нарын медициналык колледжинин директору
Т.Б. Арпачиева сөз алып сүйлөп жалпы турнирге катышкан оюнчуларга жана уюштуруучуларга өзүнүн жылуу куттуктоо сөздөрүн айтып, ийгилик каалап өттү. Ошондой эле Жогорку Кенештин депутаты Бакасов Улан Болотбекович жана Карим Ханджеза келип, айымдардын оюнуна күбө болушуп,
ЖК депутаты У.Б.Бакасов волейболчуларды мындан ары да колдоого даяр экенин белгилеп өттү.
Мелдешке жалпы 11 команда катышып,
1-орун Нарын медициналык колледжи
2-Ой-Терскен
3-Атбашы командалары ээлешип, жеңүүчүлөргө тиешелүү деңгээлдеги дипломдор тапшырылды.