Бүгүн 27- апрель күнү Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министринин орун басары Жусупбекова Надира Сынташевна Нарын шаарындагы Ж. Шералиев атындагы музыкалык мектептин жыйындар залында облустун билим берүү кызматкерлери менен жолугушуу өткөрдү.
Жолугушуудан кийин Н.С. Жусупбекова Нарын медициналык колледжине келип, окуу процесси, материалдык-техникалык базасы менен таанышып кетти.
“ЖАКШЫ КИТЕП – ЖАН БЕРГЕН КАН СЫЯКТУУ”
“ЖАКШЫ КИТЕП – ЖАН БЕРГЕН КАН СЫЯКТУУ”
23-апрель Бүткүл дүйнөлүк китеп жана автордук укук күнүнө карата Нарын медициналык колледжинин китепканачылары жана студенттери Нарын мамлекеттик университетинин Ж.Саалаев атындагы илимий китепканасы менен биргеликте “Жакшы китеп- жан берген кан сыяктуу” деген темада адабий музыкалык кече уюштурулду.
Кеченин коноктору Нарын облустук коомдук-саясий Теңир-Тоо гезитинин кабарчысы К.Д.Жумабаев, Үмүт шооласы кайрымдуулук коомунун жетекчиси, поэзия сүйүүчү К.А.Эгимбаева, КР Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратындагы социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн башкы адиси А.Б. Дүйшөналиева болду.
Жогору дагы аталган инсандардын чыгармалары “Теңир- Тоо таланттары” аттуу ыр жыйнагына кирген. Эки окуу жайдын студенттери ырларынан көркөм окушуп, акындардын белектерине ээ болушту.
О.э. Нарын медициналык колледжинин китепканачылар жана студенттер тарабынан даярдалган концерттик программа тартууланды.
Келген коноктор эки окуу жайдын китепканачыларына ыраазычылык билдирип, белектерин беришти.
“СТУДЕНТТЕРДИН ӨЗ АЛДЫНЧА ИШИ” АТТУУ ОЛИМПИАДАНЫН ЭКИНЧИ ЭТАБЫ БОЛУП ӨТТҮ.
(21.04.2022) Нарын медициналык колледжинде 1-2- курстар арасында “Студенттердин өз алдынча иши” аттуу олимпиаданын экинчи этабы болуп өттү.
Олимпиаданын шарты боюнча анатомия жана фармакология сабактарынан ар бир тайпаларга темалар бөлүнүп берилген. Берилген тапшырмалар боюнча студенттер чыгармачылык менен жогорку деңгээлде, жоопкерчиликтүү даярданышкан.
Конкурсту баалоо үчүн Нарын шаарындагы стейкхолдерлер: Нарын облустук бириктирилген ооруканасынын медайымдык иш боюнча директордун орун басары Н.Т.Мидинова жана инфекциондук көзөмөл адиси Б. Исраилова катышып, студенттердин өз алдынча иштерине жогорку баа беришти.
Жыйынтыгында 1-курстар арасында 1-орунду 1-“дарылоо иш”, 2-орунду 1- “медайымдык иш” , 3-орунду 1-“акушердик иш” тайпалары ээ болушса, 2-курстар арасында 1-орунду 2-“дарылоо иш”, 2-орунду 2- “медайымдык иш” , 3-орунду 2-“акушердик иш” тайпалары ээ болушуп, грамота жана акчалай сыйлык менен сыйланышты.
НАРЫН МЕДИЦИНАЛЫК КОЛЛЕДЖИНДЕ АЧЫК ЭШИКТЕР КҮНҮ ӨТТҮ.
2022-жылдын 20-21- апрель күндөрү Нарын медициналык колледжинде ачык эшиктер күнү уюштурулуп, ага Нарын шаарындагы орто мектептердин 11-класстарынын окуучулары келишти. Экскурсия убагында уюштуруучулар мектеп бүтүрүүчүлөрүнө окуу жайдын шарттары, окуу бөлмөлөрү, материалдык-техникалык базасы менен кенен тааныштырып, окуучуларга аталган колледждин студенттери тарабынан ар кандай манипуляциялар боюнча мастер класстар көргөзүлдү. Соңунда мектеп бүтүрүүчүлөр жана мугалимдер окуу жайга болгон жакшы ойлорун айтышып, баардык суроолоруна жооп алып кетишти.
2- 3- КУРСТУН СТУДЕНТТЕРИ ОКУУ ӨНДҮРҮШТҮК ПРАКТИКАСЫН ӨТҮП ЖАТЫШАТ.
Нарын облустук бириктирилген ооруканасынын балдар бөлүмү, терапия, хирургия жана тез жардам бөлүмүндө 2- 3- курстун студенттери окуу өндүрүштүк практикасын өтүп жатышат. Практика учурунда бейтаптар менен тыкыс байланышта болуп жана аткарган иштеринин отчетторун атайын иштелип чыккан күндөлүктөрүндө белгиленүүдө.