Нарын медициналык колледжи жаңы окуу жылына толугу менен даяр.
TEA программасынын бутуруучусу Айнура Турдалиева тарабынан 20 көчө таштанды салуучу челектери Нарын шаарындагы эң мыкты, ийгиликтүү деп аталган 5 окуу жайларга берилди.
Нарын шаарында өтүүчү акын, манасчы Тоголок Молдонун 160 жана мамлекетибиздин көз карандысыздыгына 30 жылдыгына карата уюштурулган Манас, Кыргыз шырдагы, Оймо фестивалын утурлай манасчылар Нарын шаарындагы мекеме-ишканаларда коомчулук менен жолугушууларды өткөрүп, «Манас таануу» лекцияларын жана Манас эпосунан айтып беришти.
ЮСАИД эл аралык уюму тарабынан каржыланып, MSDSP KG коомдук фонду тарабынан ишке ашырылып жаткан демилгелүү жаштар долбоорунун алкагында, “Мүмкүнчүлүк” коомдук уюму тарабынан  санитайзерлер жасалып, ковидди алдын алуу максатында коомдук, окуу жайларга анын ичинен Нарын медициналык колледжине санитайзерлер бекер берилди.
2021-2022- окуу жылынын башталышы менен 1-сентябрьда Нарын медициналык колледжинин директору Арпачиева Төлөгүл Батыркановна административдик тобунун катышуусунда жумалык жыйын өткөрүп, окуу процессине тиешелүү тармактарга иш алып барууну маалымдады.
международный сертификат.
kirKyrgyz