Китепкана башчысы

Артыкбаева Жылдыз Мусаевна

2008-ж Нарын мамлекеттик университетинин Биология факультетин аяктаган.

Ишмердүүлүгү:

2009-жылы “Билайн” уюлдук байланышында оператору.

2014-жылы Нарын шаардык мерясында аймактарды тейлөө кызматында” Аймак башчысы” .

2016-2017-жылга чейин Фито санитардык инспекцияда главный инспектор.

2017- жылы Нарын медициналык колледжине мугалим болуп кирип,азыркы убакта китепкана башчысы болуп эмгектенип келе жатам.

Сыйлыктары: 

2022-жылы Нарын шаардык мэриясынын жана Нарын шаардык кеңешинин” Ардак грамотасы” менен сыйландым.

 

Китепканада жалпы 30 компьютер бар.
Электрондук китепкананын базасында ар бир окутуучунун өздөрүнө тиешелүү электрондук папкалары жайгаштырылган (видео материалдар,ОМК, силлабус,лекциялар,СОИИ,
презентация)
Азыркы учурда китепканачылар Е билим программасы менен иш алып барууда.Е билимге бир нече китептер сканерден өтүп жүктөлдү.
Учурда китепканада китептин саны- 9598
-илимий медициналык китептер-8546
-коомдук саясий китептери- 258
-көркөм адабий китептер- 522
-башкалар-272
2022-жылдын 3-октябрында 327 илимий медициналык жаңы окуу китептери менен толукталды. Жаңы окуу
китептерине печать басылып, инвентардык китепканага киргизилди.

 

 

 

 

  • All
  • Китепкана
Улуттун улуу жолу

13.11.2025

7-ноябрь – Ата-бабаларды эскерүү күнүнө карата Нарын медициналык колледжинде 2-курстар арасында “Улуттун улуу жолу” аттуу тарыхый конкурс өткөрүлдү. Иш-чара Кыргыз Республикасынын Президентинин “Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик уңгу жолу” жана “Азыркы Кыргыз мамлекеттүүлүгүн түптөгөн аталар” жөнүндөгү жарлыктарынын алкагында, ошондой эле НМКнын 80 жылдык мааракесине байланыштырылып уюштурулду. Бул конкурс — тарыхыбызды терең билүүгө, улуттук баалуулуктарды даңазалоого жана мекенге болгон сүйүүнү күчөтүүгө багытталган. Конкурстун максаты: • студенттердин тарыхый аң-сезимин өстүрүү;...

МЕЗГИЛ ЖАНА АЛЫКУЛ

12.12.2024

12-декабрь — Улуттук адабият күнү. Бул күн улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүнө жана кыргыз адабиятынын залкарларын эскерүүгө арналган. Ушуга байланыштуу Нарын медициналык колледжинде “Мезгил жана Алыкул” аттуу поэзия кечеси өткөрүлдү. Иш-чара Кыргыз Республикасынын Президентинин “Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндөгү” жарлыгынын алкагында уюштурулуп, улуттук баалуулуктарды жайылтууга жана жаштардын руханий-маданий өсүүсүнө өбөлгө түзүүнү көздөдү. Бул иш-чараны Нарын медициналык колледжинин китепканачылары Артыкбаева Жылдыз жана Камазбекова Жыпара демилгелеп, Нарын...

Арстанбек Буйлаш уулуна арналган адабий кече

18.11.2024

Нарын медициналык колледжинде китепкананын жетекчиси Артыкбаева Жылдыз жана кызматкери Камазбекова Жыпара тарабынан улуу акын Арстанбек Буйлаш уулунун өмүр жолуна жана чыгармачылыгына арналган конференция жана “Арстанбек алп саптар” аттуу көркөм окуу, поэзия сааты болуп өттү. Иш-чарага колледждин студенттери кеңири катышып, акындын өмүрү жана чыгармачылыгы тууралуу баяндамалар окулуп, поэзиялык чыгармалары көркөм окулду. Ошондой эле, видео слайддар көрсөтүлүп, Арстанбектин дастаны комуздун мукам коштоосунда аткарылды. Бул маданий иш-чара Президенттин инсанды руханий-адеп ахлактык...

Prev
1234
kirKyrgyz