КЕСИПКЕ БАГЫТ БЕРҮҮ ИШТЕРИНИН АЛКАГЫНДА НАРЫН МЕДИЦИНАЛЫК КОЛЛЕДЖИНИН “ТЕАТР СТУДИЯСЫ” АТ-БАШЫ, КОЧКОР РАЙОНДОРУНДА.
КЕСИПКЕ БАГЫТ БЕРҮҮ ИШТЕРИНИН АЛКАГЫНДА НАРЫН МЕДИЦИНАЛЫК КОЛЛЕДЖИНИН “ТЕАТР СТУДИЯСЫ” АТ-БАШЫ, КОЧКОР РАЙОНДОРУНДА.
Нарын медициналык колледжинин “Театр студиясын” жетектеген Б.А. Темирканова, студенттер жана кабыл алуу комиссиясынын мүчөлөрү “Кесипке багыт берүү” иштеринин алкагында Ат- Башы, Кочкор райондоруна сапар алып, Зуура Сооронбаеванын “Баян”аттуу спектаклин тартуулашты.
Студенттер өзүлөрүнө тиешелүү образдарды жоопкерчиликтүү, мыкты денгээлде аткарышып, спектакль эң жогорку деңгээлде өткөрүлдү.
Соңунда аталган студиянын жетекчиси Б.А. Темирканова, чакырылган коноктор, ата-энелер жана аталган чыгарманын режиссеру сөз алып сүйлөп, Нарын медициналык колледждин дарегине жылуу сөздөрүн айтып, ыраазычылык билдирип кетишти.
“Кесипке багыт берүү” иштеринин алкагында Ак-Талаа районуна сапар алып, Зуура Сооронбаеванын “Баян”аттуу спектаклин тартуулашты.
“ТЕАТР СТУДИЯСЫ” АК-ТАЛАА РАЙОНУНДА”.
(31.03.2022) Нарын медициналык колледжинин “Театр студиясын” жетектеген Б.А. Темирканова, студенттер жана кабыл алуу комиссиясынын мүчөлөрү “Кесипке багыт берүү” иштеринин алкагында Ак-Талаа районуна сапар алып, Зуура Сооронбаеванын “Баян”аттуу спектаклин тартуулашты.
Спектакль жогорку деңгээлде өткөрүлдү.
Соңунда аталган студиянын жетекчиси Б.А. Темирканова, чакырылган коноктор, ата-энелер жана аталган чыгарманын режиссеру сөз алып сүйлөп, ата-энелерге ыраазычылык кат тапшырышты.
МЕДИЦИНАДАГЫ ЧЫГАРМАЧЫЛЫК
Бүгүн 16- март күнү Нарын медициналык колледжинин жалпы медициналык кошуундун башчысы Т.Б. Асанбекова тарабынан М. Рыскулов атындагы академиялык музыкалык драма театрында ачык тарбиялык саат өткөрүлдү.
Ачык тарбиялык сабакта колледждин “Театр студиясы” жазуучу, драматург Зуура Сооронбаеванын «Баян» чыгармасын театралдаштырышты.
Анда студенттер Баян апанын жашоосун чагылдырышты. Спектаклде карылар үйү, кайнене менен келиндин мамилеси, жаштардын жүрүм туруму, диний көз караш, ата-энени сыйлоо ,балага болгон тарбия маселелери көрсөтүлгөн..
Нарын медициналык колледжинин директору Төлөгүл Арпачиева сөз алып сүйлөп, медициналык кызматкер адамдын жан дүйнөсүн уга билиши керектигин айтат. О.э. “Медицина— бул адамдын ден соолугун караган, сактаган чөйрө болгондуктан, медицина кызматкерлери чыгармачылыкка жакын болушу керек деп ойлойм. Чыгармачыл адам менен медицина кызматкерлеринин жан дүйнөсү бирдей деп эсептейм. Эгер бала чыгармада роль ойногондой, адамдын ички жан дүйнөсүн оюн туя билсе, сезе билсе, кийин жакшы медик болот деп ишенем. Бизде таланттуу балдар көп. Колледждин астында студенттик театр-студия ачканбыз. Театр-студиянын балдарынын арты менен 2018-жылы да Чыңгыз Айтматовдун «Бото көз» чыгармасынан «Башат» спектаклин койгонбуз. Быйыл да тарбиялык мааниси чоң чыгарманы койдук, студенттер толук 1 ай даярданышты», – деди Т.Б. Арпачиева.
Иш-чарага ата-энелер, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү ,билим берүү тармагынын өкүлдөрү, жергиликтүү тургундар катышты.
Соңунда роль ойногон студенттерге грамота тапшырылып, алардын ата-энелерине ыраазычылык каттар ыйгарылды. Чыгармачыл студенттерде алдыда республикалык театр-фестивалдарга баруу пландары бар.