2026-жылдын 27-майында Нарын медициналык колледжинин базасында «Уюшулган жамааттар арасында гельминтоздор менен оорушат: калк арасында алдын алуу иш-чараларын жүргүзүүдө орто медициналык кызматкерлердин ролу» аттуу эл аралык онлайн-форум өткөрүлдү. Форум Yandex Telemost платформасы аркылуу онлайн форматта уюштурулуп, ага Кыргыз Республикасынын ар кайсы аймактарындагы жана жакынкы чет мамлекеттердеги медициналык колледждердин окутуучулары, студенттери жана медицина тармагынын практик адистери катышышты. Иш-чаранын негизги максаты уюшулган жамааттарда (мектептерде, бала бакчаларда, интернаттарда жана башка мекемелерде) гельминтоздордун...
- All
- Профориентация
- Международное сотрудничество
KOICA программасынын алкагында келген волонтёр Ан Ын Гүөл айым Нарын медициналык колледжинин студенттерине жана окутуучуларына жасалма интеллект (AI) темасында сабак өтүп берди. Сабактын жүрүшүндө ал азыркы учурда Сеул шаарындагы ооруканаларда жасалма интеллект кайсы тармактарда колдонулуп жаткандыгы тууралуу кеңири маалымат берип, медицинадагы заманбап технологиялар менен тааныштырды. Ошондой эле AI технологиясынын: ✅ жакшы жактары, ✅ медицинадагы мүмкүнчүлүктөрү, ✅ жана кооптуу жактары тууралуу презентация жасады. Студенттер сабакка активдүү катышып, өздөрүн кызыктырган...
Нарын медициналык колледжинде «Фармация: теория менен практиканын биримдиги» аттуу эл аралык дисциплиналар аралык олимпиада жогорку деңгээлде уюштурулуп, ийгиликтүү жыйынтыкталды. Олимпиадага Кыргыз Республикасынын ар кыл аймактарынан келген 13 медициналык колледждин студенттери, ошондой эле Казакстан Республикасынын Талдыкоргон жогорку медициналык колледжинен келген өкүлдөр катышты. Бул иш-чара фармация тармагындагы келечектүү адистерди аныктоого, алардын теориялык билимдерин, практикалык көндүмдөрүн жана кесиптик чеберчиликтерин өркүндөтүүгө багытталган маанилүү эл аралык аянтча болду. Олимпиаданын алгачкы күнүндө катышуучулар жана...
