• All
  • Профориентация
  • Международное сотрудничество
ЭЛ АРАЛЫК КЫЗМАТТАШТЫК- КЕЛЕЧЕККЕ КАРАЙ ЖОЛ.

23.05.2022

ЭЛ АРАЛЫК КЫЗМАТТАШТЫК- КЕЛЕЧЕККЕ КАРАЙ ЖОЛ. Нарын медициналык колледжи менен Германиядагы EDUVISO (Адистерди эл аралык деңгээлде даярдоо) программасы менен келишим түзүлдү. Нарын медициналык колледжинин директору Т.Б. Арпачиева EDUVISO (Адистерди эл аралык деңгээлде даярдоо) программасынын өкүлү Торстен Свобода менен жолугушуп, эки тилде эки тараптуу келишимге кол коюлду. Бул келишимдин алкагында, медициналык колледждеги 1-курстун студенттерине немец тили киргизилет. Студенттер 2 жыл 10 айдын ичинде медициналык билим алуу менен бирге немец...

Окинава шаарындагы “Relationship” компаниясынын директору Арагаки Юдзи мырза Нарын медициналык колледжинин студенттерине жолугушууга келди.

14.04.2022

(14.04.2022) Окинава шаарындагы “Relationship” компаниясынын директору Арагаки Юдзи мырза Нарын медициналык колледжинин студенттерине жолугушууга келди. Жолугушууда бүтүрүүчү курстардын студенттерин Япония өлкөсүндөгү Окинава шаарында жумуш менен камсыз кылуу боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү.      

НМКнын окутуучулары  кесипке багыт берүү иштерин активдүү жүргүзүп келишүүдө.

14.04.2022

(13.04.2022) Нарын медициналык колледжинин окутуучулары 2022-жылдын март айынан баштап Нарын областынын аймактарында кесипке багыт берүү иштерин активдүү жүргүзүп келишүүдө. Аталган жамаат Нарын районуна караштуу айылдардагы орто билим берүү мектептерине барып кесипке багыт берүү иштерин жүргүзүп келишти. Кесипке багыт берүүнүн  максаты: окуучуларга  туура кесип тандоого көмөктөшүү. Мектеп окуучуларына брошюралар таратылып, колледждин жетишкендиктери жөнүндө видеороликтер көрсөтүлүп, түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.       .

ru_RURussian