ЭЛ АРАЛЫК ФОРУМ
МЕДИЦИНАЛЫК БИЛИМ БЕРҮҮНҮН ЗАМАНБАП ТЕНДЕНЦИЯЛАРЫ ЖАНА КЕЛЕЧЕГИ
2026-жылдын 6-октябрында Нарын медициналык колледжинин 80 жылдык мааракесинин алкагында «Орто медициналык билим берүүнү өнүктүрүүнүн заманбап тенденциялары жана келечеги: сапат, инновациялар, эл аралык кызматташтык» аттуу эл аралык форум өткөрүлдү.
Форум Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан жана Азербайжандын медициналык билим берүү уюмдарынын өкүлдөрүн бириктирип, тажрыйба алмашууга жана кесиптик кызматташтыкты бекемдөөгө шарт түздү.
Форумда эки негизги багыт каралды:
🔹 ОСКЭ — медициналык билим берүүдө кесиптик компетенцияларды объективдүү баалоонун заманбап ыкмасы. Бул багытта Мамытбекова Г. И. объективдүү структураланган клиникалык экзамендин мааниси тууралуу баяндама жасады.
🔹 Медициналык билим берүүнүн сапатын камсыз кылууда сапат менеджментинин ролу. Бокоев Н. Т. Нарын медициналык колледжинде сапат менеджменти системасын калыптандыруу тажрыйбасын тааныштырды.
Катышуучулар студенттердин кесиптик компетенцияларын баалоонун заманбап ыкмаларын, билим берүү процессин өркүндөтүүнү жана келечектеги медициналык адистерди даярдоонун сапатын жогорулатуу маселелерин талкуулашты.
Форумдун жыйынтыгында резолюция кабыл алынып, орто медициналык билим берүүнү мындан ары өнүктүрүүгө багытталган сунуштар белгиленди.
Эл аралык тажрыйба алмашуу жана өнөктөштүктү бекемдөө колледждин 80 жылдык мааракесинин маанилүү бөлүгү болду.
80 жылдык салт — медициналык билим берүүнүн жаңы келечеги!
#НарынМедициналыкКолледжи #80ЖылдыкМаараке #ЭлАралыкФорум #МедициналыкБилимБерүү #ОСКЭ #СапатМенеджменти #ЭлАралыкКызматташтык
