Куттуктоо концерти
8-март – Аялдардын эл аралык күнүнө карата Нарын медициналык колледжинин студенттери окутуучу Мукашева Г. жетектөөсүндө мугалимдер үчүн майрамдык концерт уюштурушту.
Студенттер өз таланттарын көрсөтүп, ыр-бийлер менен майрамдык маанай тартуулашты. Бул концерт – биздин сүйүктүү мугалимдерге болгон терең урматтообуздун жана ыраазычылыгыбыздын белгиси!
Кымбаттуу мугалимдер! Сиздердин эмгегиңиздер чексиз, жүрөгүңүздөр мээримге толгон! Майрамыңыздар кут болсун, ар дайым бар болуңуздар!