Жасалма интеллект боюнча кызыктуу сабак өтүлдү!
KOICA программасынын алкагында келген волонтёр Ан Ын Гүөл айым Нарын медициналык колледжинин студенттерине жана окутуучуларына жасалма интеллект (AI) темасында сабак өтүп берди.
Сабактын жүрүшүндө ал азыркы учурда Сеул шаарындагы ооруканаларда жасалма интеллект кайсы тармактарда колдонулуп жаткандыгы тууралуу кеңири маалымат берип, медицинадагы заманбап технологиялар менен тааныштырды.
Ошондой эле AI технологиясынын:
✅ жакшы жактары,
✅ медицинадагы мүмкүнчүлүктөрү,
✅ жана кооптуу жактары тууралуу презентация жасады.
Студенттер сабакка активдүү катышып, өздөрүн кызыктырган суроолорго жооп алышты. Мындай жолугушуулар келечектеги медицина адистери үчүн жаңы билим жана дүйнөлүк тажрыйба алууга чоң мүмкүнчүлүк түзөт.
✨ Алдыда дагы кызыктуу сабактар жана жолугушуулар уланат!
#koicaкүндөлүгү #нмк80жылдыкмаараке #AI #ЖасалмаИнтеллект





