Жеңиш, сыймык жана жаңы ийгиликтер!
Нарын медициналык колледжи дагы бир ирет жогорку деңгээлдеги жетишкендиктерди жаратты
Токмок медициналык колледжинде @med.college_tokmok өткөн Кыргызстандын медициналык колледждеринин ассоциациясынын волейбол боюнча мелдешинде Нарын медициналык колледжинин командасы Жогорку лигада мыкты оюн көрсөтүп, 16 колледждин ичинен II орунду ээледи. Командага 25 миң сом өлчөмүндө акчалай сыйлык тапшырылды.
Мындан тышкары, оюнчуларыбыз жеке номинациялар боюнча дагы мыкты жыйынтык көрсөтүштү:
«Мыкты чабуулчу» — Диана Элдияр кызы
«Мыкты тоскоолчу» — Иса Бакытбеков
Ошондой эле Кыргызстандын медициналык колледждеринин ассоциациясы тарабынан колледжибиздин жетекчилери жана окутуучулары кесиптик билим берүүнү өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн сыйланышты.
«Орто кесиптик медициналык билим берүү боюнча эксперт» наамы:
— Ходжанова Гүлмира Климовнага
— Орозова Айнура Токтосуновнага ыйгарылды.
Алар билим берүү стандарттарын жаңылоого, компетенттүүлүккө негизделген ыкмаларды киргизүүгө жана окуу программаларын өркүндөтүүгө активдүү катышкандыгы үчүн сыйланышты.
Мындан сырткары, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги жана Кыргызстандын медициналык колледждеринин ассоциациясы тарабынан уюштурулган эл аралык олимпиаданы инновациялык OSCE элементтерин колдонуу менен жогорку деңгээлде уюштуруп өткөргөндүгү үчүн колледжибиздин директору Арпачиева Төлөгүл Батыркановна Ассоциациянын Ардак грамотасы жана 10 000 сом өлчөмүндөгү акчалай сыйлыгы менен сыйланды.
Бул жетишкендиктер — колледжибиздин ынтымагын, талыкпаган эмгегин жана сапаттуу билим берүүгө болгон умтулуусун айгинелейт.
Нарын медициналык колледжинин жалпы жамаатын жана студенттерин чын жүрөктөн куттуктайбыз! Жаңы ийгиликтер жарала берсин! ✨







