Акыл ордо”интеллектуалдык оюну болуп өттү.
Бүгүн Нарын медициналык колледжинде залкар инсандар; Касым Тыныстановдун,Кусейин Карасаевдин жана Жусуп Абдырахмановдун 120 жылдыгына карата “Акыл ордо”интеллектуалдык оюну болуп өттү. Оюнга колледжден 4 тайпа катышып,алар залкарлардын өмүр жолунан түзүлгөн суроолор, логикалык жана визуалдык суроолорго жооп беришип, жыйынтыгында, калыстар тобу тарабынан 1-орунду “1-лабораториялык диагностика”, 2- орунду “1-дарылоо иши”,3-орунду “1-медициналык иш” тайпасына ыйгарышып , жеңүүчүлөр грамота жана белектер менен сыйланышты.