17-ноябрь
“17-ноябрь -Эл аралык студенттер күнүнө “карата Нарын медициналык колледжинде чакан маданий иш-чара болуп өттү.Иш-чарада Колледждин алдыңкы студенттери грамота менен сыйланышса,”Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” КР мыйзамынын 31 жылдыгына карата Мамалекеттик тил күнүн белгилөө боюнча 2 айлыгынын алкагында”Келгиле,тилибизди даңтайбыз”, деген темада студенттердин Республикалык онлайн көркөм окуу сынагына жигердүү катышкадыгы үчүн Нарын медициналык колледжинин 3-лаб.д тайпсынын студенти Байменде к Жазгүл,2-фар тайпасынын студенти Ишенбек к Жазгүл,2-ми тайпасынын студенти Абилова Айдана,1-аи тайпасынын студенти Жолдошбекова Тунук грамота менен сыйланышты. Ошондой эле 1-курстун тайпаларынын ортосунда”Менин тилим-тирегим”деген темада онлайн видеотасмалар сынагында 1-орунду 1-ми(к),2-орунду 1-ми(б),3-орунду1-лаб(а)тайпасы ээледи. Ал эми” 1-декабрь СПИДге каршы күрөшүү күнүнө “карата жарыяланган 1 айлыктын алкагында 2-курстар арасында дубал газателардын,3-курстар арасында видеороликтердин сынагы болуп,жыйынтыгында ;дубал газеталардын сынагында 1 -орунду 2- ми(б)тайпасы,2-орунду 2-ми(к)тайпасы,3-орунду 2-аи тайпасы ээлесе, видеороликтер сынагында 1-орунду 3-ад,2-орунду 3-ди,3-орунду 3-ми(к)тайпасы камсыз кылышып,грамота менен сыйланышты.Иш-чара көркөм окуулар жана обондуу ырлар менен коштолуп,флешмоб менен соңуна чыкты.
“23-сентябрь Мамлекеттик тил күнү “
“23-сентябрь Мамлекеттик тил күнүнө “карата Нарын медициналык колледжинде студенттерди эне тилин сүйүүгө арналган ыр саптары,тилибизге нар көтөргүс салым кошкон тилчи окумуштуулар,акын-жазуучулардын өрнөктөрүн чагылдырган видео ролииктер тарбия иштери жана жаштар биримдиги тарабынан даярдалып ,мугалимдер жана студенттер жамаатына онлайн түрүндө көрсөтүлдү.
1-октябрь карылар куну менен куттуктоо!
Ата жөлөп турган тирек, эне акыл-насаат булагы демекчи, бизди бул дүйнөгө алып келген, тарбиясын берген ата-энелер. Ар бир адам улгаят, ошондуктан карыларга сый урмат жасоо ар бир адамдын милдети болсо керек. Карылар көптү көргөн, көсөм адамдар десек жаңылышпайбыз. Кыргызда сөз бар го “ата-энеси бар адам, эң бактылуу адам”, “ата-энеңди көзү барда сыйлай бил” дегендей. Ата-эне жаш болсо да, барыбир улгаят, ал гана эмес биз дагы улгаябыз, ошондуктан ата-энени сөз менен эмес, иш-аракет, ак эмгегиңер менен сыйлай билгиле. Карынын батасын алган адам эч качан кор болбойт эмеспи, карынын батасын алгыла.
Кары адамдарга ким сый-урмат көрсөтсө, ал сөзсүз кийин кайтат. Карыны сыйласаң абийир табасың деп бекеринен айтылбаса керек. Кыргызда ушул сыяктуу накыл сөздөр, макалдар абдан көп, макалдар не деген жылдар бою келаткан сөздөр. Кары кебин капка сал – деген макалды карасак, бул жакта кары адамдын акылы терең, көптү көргөн көсөң катары түшүндүрүлөт.
Турмушта терс көрүнүштөр дагы аз эмес, көбүн эсе батыштын кинотасмаларында тескери тарбия берген учурлар аз эмес. Аны кээ бир эси жоктор көрүп алып, туурашып, кары адамдарды кандайдыр бир тоскоолдук катары ойлошот. Билесинерби, кары адамдар, чоң эне, чоң ата качандыр бир убакта силердей жап-жаш болушуп, бирок биздей жакшы турмушта жашаган эмес. Ошого карабастан алар кайратын жоготпой, оорчулукка чыдап, балдарына татыктуу тарбия берип, кээ бирлери Мекен үчүн канын төккөн. Ар бир улгайган адам ардактуу адам.
24-июнда НМКда июн айындагы мугалимдер кеңеши өтүлдү.
Мугалимдер кеңеши ZOOM аркылуу өтүлдү. Күн тартибинде төмөндөгү маселелер каралды: 1. Окуу процессине анализ берүү жана отчеттук документацияларды даярдоо.2019-2020-окуу жылынын 2-жарым жылдыгынын жыйынтыгы (Бөлүм башчылар). 2. Онлайн окутуу боюнча АВН системасын колдонуудагы жетишкендиктер жана көйгөйлөр (Усулчу) 3.2020-2021-окуу жылында окуу процессин жүргүзүү боюнча сунуштар ( ОИ боюнча директордун орун басары) .
2019-2020-окуу жылында НМК да жайкы сынактардын жүргүзүлүшү
Нарын медициналык колледжинде жайкы сынактарды 1-2- курстар 1 июндан 20-июнга чейин график боюнча AVN дин базасында онлайн режимде жүргүзүлдү. Студенттер сырткы сервер аркылуу биринчи жолу тапшырууда алгачкы күндөрдө кыйынчылык болду. Сырткы сервер аркылуу экзамен тапшыруу WhatsApp аркылуу түшүндүрүлүп, жыйынтыгында студенттер өздөштүрүп, сынактарды өз убагында тапшырышты, экзамен тапшырып бүткөндөн кийин студенттер жетишүүсүн Kelbil программасы аркылуу өзүлөрү билип алып жатышты.




















