🏅 Биз сыймыктанган жетишкендик!
Нарын медициналык колледжи 6 жылдык мамлекеттик аккредитацияга ээ болду.
Бул — Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан окуу жайыбыздагы билим берүүнүн сапаты, окутуучулар жамаатынын эмгеги жана келечектеги медицина кызматкерлерин даярдоонун деңгээли жогору баалангандыгынын далили.
Бул ийгилик — жалпы жамаатыбыздын, окутуучуларыбыздын, кызматкерлерибиздин жана студенттерибиздин биргелешкен эмгегинин жыйынтыгы.
Бизге ишеним арткан ар бириңиздерге ыраазычылык билдиребиз!
Мындан ары да сапаттуу медициналык билим берүүнү өнүктүрүп, кесипкөй адистерди даярдоо жолунда ишенимдүү кадам таштайбыз.
💙 Нарын медициналык колледжи — сапатка багытталган билим, келечекке ишеним.
















































































