1-курстардын арасында көктөм майрамы Ноорузга арналган кереге гезиттердин сынагы болуп өттү.
Бүгүн Нарын медициналык колледжинде 1-курстардын арасында көктөм майрамы Ноорузга арналган кереге гезиттердин сынагы болуп өттү. Сынакта студенттер Нооруз жөнүндө кенен маалыматтарды берүү менен гезиттерди жактап беришти.Сынак обондуу ыр ,бийлер менен коштолуп, соңунда калыстар тобунун жыйынтыгында ;
1-орунду -1-фарм”б”
2-орунду- 1-ми”к”
3-орунду- 1-ми”б” тайпасы ээлеп ,акчалай сыйлыкка ээ болушту.Иш-чара майрамдык маанайда өттү.

МЕДИЦИНАДАГЫ ЧЫГАРМАЧЫЛЫК
Бүгүн 16- март күнү Нарын медициналык колледжинин жалпы медициналык кошуундун башчысы Т.Б. Асанбекова тарабынан М. Рыскулов атындагы академиялык музыкалык драма театрында ачык тарбиялык саат өткөрүлдү.
Ачык тарбиялык сабакта колледждин “Театр студиясы” жазуучу, драматург Зуура Сооронбаеванын «Баян» чыгармасын театралдаштырышты.
Анда студенттер Баян апанын жашоосун чагылдырышты. Спектаклде карылар үйү, кайнене менен келиндин мамилеси, жаштардын жүрүм туруму, диний көз караш, ата-энени сыйлоо ,балага болгон тарбия маселелери көрсөтүлгөн..
Нарын медициналык колледжинин директору Төлөгүл Арпачиева сөз алып сүйлөп, медициналык кызматкер адамдын жан дүйнөсүн уга билиши керектигин айтат. О.э. “Медицина— бул адамдын ден соолугун караган, сактаган чөйрө болгондуктан, медицина кызматкерлери чыгармачылыкка жакын болушу керек деп ойлойм. Чыгармачыл адам менен медицина кызматкерлеринин жан дүйнөсү бирдей деп эсептейм. Эгер бала чыгармада роль ойногондой, адамдын ички жан дүйнөсүн оюн туя билсе, сезе билсе, кийин жакшы медик болот деп ишенем. Бизде таланттуу балдар көп. Колледждин астында студенттик театр-студия ачканбыз. Театр-студиянын балдарынын арты менен 2018-жылы да Чыңгыз Айтматовдун «Бото көз» чыгармасынан «Башат» спектаклин койгонбуз. Быйыл да тарбиялык мааниси чоң чыгарманы койдук, студенттер толук 1 ай даярданышты», – деди Т.Б. Арпачиева.
Иш-чарага ата-энелер, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү ,билим берүү тармагынын өкүлдөрү, жергиликтүү тургундар катышты.
Соңунда роль ойногон студенттерге грамота тапшырылып, алардын ата-энелерине ыраазычылык каттар ыйгарылды. Чыгармачыл студенттерде алдыда республикалык театр-фестивалдарга баруу пландары бар.

“КАНТ ДИАБЕТИ” ТЕМАСЫНДА АЧЫК САБАК
“КАНТ ДИАБЕТИ” ТЕМАСЫНДА АЧЫК САБАК
Бүгүн 22-мартта Нарын медициналык колледжинин 2-клиникалык кошуундун окутуучулары тарабынан “Кант диабети” темасында ачык сабак өтүлдү.
Сабакта кант диабетинин себеби, типтери, клиникалык белгилери, чоңдордогу жана балдардагы өзгөчөлүктөр, дарт аныктоо ыкмалары, дарылоо, кабылдоолор, диабетикалык таманда багып кароо боюнча кенири маалыматтар берилип, бир нече интерактивдик ыкмаларды колдонуу менен жүргүзүлдү.
Студенттердин билим деңгээлин текшерүү үчүн предтест жана посттест онлайн форматта алынды.
Ачык сабакка конок катары эндокринолог Асаналиев С.Т. жана кант диабети менен жабыркаган Мамбеталиева Бакытбубу жана Жакинбаева Канымкан эжелер чакырылган.
Сабактын соңунда жыйынтыктоо бөлүгүндө эндокринолог С.Т. Асаналиев сөз алып сүйлөп, сабактын темасынын актуалдуулугун белгилеп, бул тема боюнча маалыматтар колледж менен гана чектелбестен, санитардык агартуу ишин жүргүзүү максатында башка окуу жайларда, мекемелерде дагы жүргүзүү сунушталды.
Ачык сабак мыкты денгээлде өтүлүп, өз максатына жетти.


ЫНАНУУ МЕНЕН КЕСИП ТАНДОО-ИЙГИЛИКТҮҮ КЕЛЕЧЕК!
ЫНАНУУ МЕНЕН КЕСИП ТАНДОО-ИЙГИЛИКТҮҮ КЕЛЕЧЕК!
Бүгүн 18-февральда Ат-Башы районуна караштуу Бирлик айылындагы Самудин Мурзакматов атындагы орто мектебинин 10-11-класстын окуучулары кесипке багыт алуу максатында Нарын медициналык колледжине келип, окуу жай менен таанышып кетишти.
8
4- “Дарылоо иши” тайпасынын бүтүрүүчүлѳрү терапия, хирургия, педиатрия сабактарынан жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестация тапшырышты.
Нарын медициналык колледжинин 4- “Дарылоо иши” тайпасынын бүтүрүүчүлѳрү терапия, хирургия, педиатрия сабактарынан жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестация тапшырышты.
ЖМАнын төрагасы НОБОнун терапевт дарыгери А.К. Калманбетова, мүчөлөрү: Дүйшөнбиева Р.С, Дүйшөнбиева Г.С, Иманканова К. А, катчы Шырдакова Ү.Д. турган комиссиянын курамы бекитилген.
ЖМАнын алгачкы экзамени Е bilim порталы менен теориялык бөлүгүн тест тапшыруу, андан соң тажрыйбалык бөлүгүн тренажердук борбордо кырдаалдык маселелерди чечүү, тажрыйбалык ыкмаларды демонстрациялоо менен тапшырышты.
Бүтүрүүчүлѳрдүн кѳпчүлүгү экзаменге жогорку деңгээлде даярданып, бүтүрүүчүлѳр 3,5 жыл ичинде медициналык билимди теориялык жана практикалык жактан мыкты ѳздѳштүргѳнүн, мамлекет үчүн даяр кадр экендигин далилдей алышты.
Жыйынтыгында, аталган колледждин бүтүрүүчүлѳрү мамлекеттик сынакты ийгиликтүү тапшырышып, окуудагы эң мыкты ийгиликтерге жетишкен жана коомдук иштерге активдүү катышкан студенттер сыйланышты.
ЖМАнын төрагасы Калманбетова Анара Кыдыковнага мамлекеттик аттестацияга катышып, жогорку деңгээлде өтүүсүнө көмөк көрсөткөндүгү үчүн, бүтүрүүчүлөрүбузго туура багыт, сунуш бергендиги үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу санитардык-гигиеналык нормаларды сактоо менен сынак өткөрүлдү.


