2021- жылдын сентябрь айынын 16-17-кундору Нарын шаарыбыздын 153 жылдыгына карата волейбол оюуну боюнча эки категорияда: -18 жаштан 35 жашка чейинки; – 35 жаштан жогору кыз – келиндер арасында чоң турнир болуп өттү.
ЮСАИД эл аралык уюму тарабынан каржыланып, MSDSP KG коомдук фонду тарабынан ишке ашырылып жаткан демилгелүү жаштар долбоорунун алкагында, “Мүмкүнчүлүк” коомдук уюму тарабынан колго жасалган санитайзерлер жасалып, ковидди алдын алуу максатында коомдук, окуу жайларга анын ичинен Нарын медициналык колледжине санитайзерлер бекер берилген.
2021-жылдын 14-сентябрь айында Нарын медициналык колледжинде педагогикалык кеңешме болуп өттү. Педагогикалык кеңешмеге Нарын шаарынын мэри Самарбек Болотбеков, Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Садыкова Элмира Аманатовна жана социалдык өнөктөштөр чакырылды .
Кыргыз Республикасынын билим берүү мекемелеринде жаңы окуу жылы бүгүн 15-сентябрда башталды.
Бүгүн 08.09.2021-ж, Нарын медициналык колледжинин окутуучулары Нарын шаарындагы Борбордук Азия университетинин алдындагы Кесиптик жана үзгүлтүксүз билим берүү мектеби тарабынан уюштурулган “онлайн режимде окутуунун методдору” аттуу курсуна катышып, Zoom, Диск, Презентация, Google Drive, Jamboard, Padlet, LearningApps, studystack программалары менен иштөөнү өздөштүрүшту.
2021-2022-окуу жылына карата Нарын медициналык колледжине абитуриенттерди кабыл алуу 2020spus.edu.cov.kg порталы аркылуу бюджеттик жана контракттык негизде 5 бөлүмгө жүргүзүлдү.
kirKyrgyz